1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 месяца назад

61

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Педагогикалык колледжинде күз майрамы өткөрүлдү

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Педагогикалык колледжинде күз майрамы өткөрүлдү

Окуу жайда балдардын чыгармачылыгын жандантуу максатында түрдүү сынактар уюштурулуп келет. Бул жолу табияттын кереметин көрсөтүү жана "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жарлыгынын негизинде өткөрүлдү. Анда табиятка аяр мамиле жасоо, улуттук баалулуктарыбызды баалоо максаты көздөлөлгөн.

Күз майрамы жыл сайын уюштурулуп, анда күз мезгилинин берекелүүлүгү даңазаланат. Катышуучулар түрдүү азык-түлүктөрдү чогултуп анын пайдалуу жактарын баяндашат.

Саамалык үч багытта уюштурулган. Ден соолукка пайдалуу салаттарды жасоо, креативдүү сүрөт сынагы жана катышуучулар арасында күз канышасын тандоо.

Сынактын жүрүшүндө тамак-аш, улуттук кийимдер, студенттердин колунан жаралган жаңы дизайндар көргөзмөсү көрсөтүлдү. Майрам соңунда таланттуу студенттер тарабынан концерттик программалар тартууланды.