1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 месяца назад

284

Жаштар форуму - 2025

10-ноябрь жаштар күнү, 17-ноябрь студенттер күнүнө карата Жалал-Абад мамлекеттик университети тарабынан “ЖАМУнун жаштар стратегиясы: Билим. Өнүгүү. Келечек” аттуу Жаштар форуму өткөрүлдү. Форум алгач окуу жайдын карамагындагы институттар, коледждердин көргөзмөлөрү менен башталды. ЖАМУнун ректору профессор К. Усенов жана келген коноктор ар бир окуу жайдын жарманкеси менен жакындан таанышып чыкты.

 Бул форум — студенттердин жаңы идеялары талкууланып, келечектин багыты аныктала турган маанилүү аянтча болду. Студенттер окуу жайдын ректоруна өз сунуштарын жана суроолорун берип жооп ала алышты. Айрым сунуштар жеринде чечилип тапшырмалар берилди

Өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, мамлекеттик жана окуу жайдын жаштар саясатын өнүктүрүүгө салым кошкон студенттер Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Форумга ар тараптуу активдүү жаштар, демилгечи студенттер жана лидерлер чогулуп өз ийгиликтери менен бөлүшүп, тажрыйба алмашуу аянтчасына айланды.

Техника илимдеринин доктору, профессор К. Усенов бүгүнкү күндө окуу жайда студенттер үчүн түзүлгөн шарттарга токтолуп, бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып өттү. Майрам ээлерин куттуктап мындай иш-чаралар студенттердин жөндөмүн ачып, ийгилике жеткирет деген ишенимде.

Форумдун соңунда университеттин таланттуу жаштары тарабынан концерттик программалар көрсөтүлүп майрамдык маанай тартууланды. Анда флешмобдор коюлуп, ыр-күүлөр жаңырды.

Белгилей кетсек жаштар форуму жыл сайын түрдүү багытта уюштурулуп турат. Окуу жайдын өнөктөшү, иш-чаранын демөөрчүсү Элдик банк!  Аталган банк бул күнү да кызыктыруучу белектерди алууга, студенттерге майрамдык маанай тартуулоого көмөк көрсөттү. Ошондой эле студенттер банк тиркемесин кошуп алып, окуу акысын онлайн төлөө мүмкүнчүлүгү да каралган. Бул ынгайлуу, ылдам жана коопсуз.