1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 месяца назад

70

"Илим жана коом жаңы чакырыктар” аталышындагы илимий-практикалык конференция

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илим айынын алкагында, тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата “Илим жана коом жаңы чакырыктар” аталышындагы илимий-практикалык конференция уюштурулду. Илимий-практикалык конференцияда алгач секциялык иштер өткөрүлдү. Анда катышуучулар өздөрү тандап алган тема боюнча баяндап, сунуштар, талкуулар, суроолорго жооптор берилди. Сексиялардын болуусу жаш изденүүчүлөр үчүн чон практика боло алат. Иш-чаранын алкагында мыктыларга окуу жайдын ректору К. Усенов тарабынан ардак грамоталар тапшырылды.

 “Илим жана коом жаңы чакырыктар” аталышындагы илимий-практикалык конференцияда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү, билим берүү системасын өзгөртүүнүн зарылчылыгы, ЖАМУда Манас эпосу боюнча илимий-изилдөө иштеринин жүрүшү деген темаларда окутуучулар тарабынан баяндамалар жасалды.

 Ошондой эле, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде бугункү күндө илимий иштерди жаратууга бардык шарттар каралган. Атайын илимий институту ачылып, лабораториялар да каралган. Алдыдагы күндөрү заман талабына жараша жаңы лабораторияларды куруу да пландалып жатканы кошумчаланды.   

Белгилей кетсек, ЖАМУда 22 илимдин докторлору, 90 илимдин кандидаттары бар. ЖАМУ башка университет, институттар менен биргеликте 4 диссертациялык кеңештин иштерин алып барат. Окуу жайыбыздын алдында «Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар» илим-изилдөө институту иштейт жана 11 илимий лаборатория, 10 окуу лабораториялары иш алып барып, аспирант, докторант-изденүүчү, студенттер менен иш жүргүзүшөт.