Илим күнүнө карата ЖАМУнун ректору К.Усеновдун куттуктоосу
Урматтуу ЖАМУнун илимпоздору, окутуучулар жана изилдөөчүлөр!
Сиздерди – Кыргыз Республикасынын илим күнү менен чын дилимден куттуктаймын!
10-ноябрь Илим күнү Кыргызстанда 2002-жылдан тарта белгиленип, туруктуу коомду түзүүдө илимдин жана илимпоздордун орду өзгөчө экенин жайылтууну көздөйт.
Илим — коомдун өнүгүүсүнүн, билимдин жана инновациянын түпкү негизи. Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер, илимий изденүүңүздөр жана чыгармачылык демиңиздер университетибиздин гана эмес, өлкөбүздүн да өнүгүүсүнө чоң салым кошуп келет. Күн-түн дебей ар тараптуу изденип, илимдин жаңы барактарын ачууга кылган аракетиңиздер мактоого татыктуу.
Бүгүнкү күндө ЖАМУда миңден ашуун адам эмгектенсе, алардын ичинен 22 илимдин докторлору, 90 илимдин кандидаттары бар. ЖАМУ башка университет, институттар менен биргеликте 4 диссертациялык кеңештин иштерин алып барат. Окуу жайыбыздын алдында «Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар» илим-изилдөө институту иштейт жана 11 илимий лаборатория, 10 окуу лабораториялары иш алып барып, аспирант, докторант-изденүүчү, студенттер менен иш жүргүзүшөт.
Урматуу кесиптештер, биздин милдет келечек ээлерине билим берүү, мыкты адис кылып тарбиялоо. Эртеңки муунга заманбап билим менен улуттук нарк-насилди жуурулуштуруп, бийик духу, тунук акылы, адамдык сапаты менен айырмаланган мекенчил, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошкон билимдүү жаштарды тарбиялайбыз деп терең ишенем. Буга чейинки жараткан ийгиликтерибизди сактап, жаңычылдыкка, бийиктикке чогуу умтулалы.
Ар бириңиздердеги жаңы идеялар жана илимий жаңылыктар менен университетибиздин атын даңазалап, келечек муун үчүн дем жана үлгү бололу! Урматтуу окумуштуулар, асыл-ой, ак эмгегиңиздер жана ачылыштарыңыздар менен дүйнөнү багындырып, сүйүктүү өлкөбүздүн өнүгүп өсүшүнө салым кошо бериңиздер.
Бардык илимпоздорго, изилдөөчүлөргө, аспиранттарга, докторанттарга ийгилик жана жаңы ачылыштарды каалайм!
Жалал-Абад мамлекеттик университети — илим менен өнүгүүгө жол ачат!
Сиздерди терең урматтоо менен,
ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору,
профессор Кеңешбек Усенов