1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 месяца назад

147

ЖАМУнун студентери үчүн Япон тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери үчүн Япон тилин үйрөнүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.  Бүгүн, Кыргыз-Япон Билим Берүү Фондунун өкүлдөрүн ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов кабыл алды. Жолугушууда университеттин базасында япон тили жана маданияты борборун жандантуу. Ректор К. Усенов студенттер үчүн бардык шарттарды түзүүгө аракет кылаарын, чет тилдерин үйрөнүп, билимин жогорулатууга Жалал-Абад мамлекеттик университетинде бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгилеп өттү.  Бул борбордун негизги максаты студенттерге япон тилин үйрөнүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк жаратуу, ошондой эле Японияда билим алуу, практикадан өтүү, иш тажрыйбасын артыруу  жана жумушка орношу боюнча көмөк көрсөтүү.

Борбор Кыргызстан менен Япониянын академиялык жана маданий алмашуусун кеңейтүүдө маанилүү кадам болуп, эки өлкө ортосундагы байланыштарды чыңдоого өз салымын кошот.