1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 месяца назад

202

1

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Сиздерди 7-ноябарь Маалымат жана басма сөз күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сиздер так, ыкчам жана ишенимдүү маалымат жеткирүү менен коомдук пикирди калыптандырууда, билим берүү жана илимдин жетишкендиктерин жайылтууда, ынтымакты бекемдөөдө,заман талабын тереңден түшүнгөн, жаңы багыт, жаңы идея менен жаңы көз караштагы кабарларды даярдоодо зор салым кошуп келесиздер. Түйшүктүү жана сыймыктуу болгон кесип ээлери, сиздердин эмгегиңиздер ар дайым эл кызматында болуп, чыгармачылык дем, ийгилик жана кадыр-барк коштосун. Кесибиңиздердин артынан баар таап, кадыр-баркыңыздар жогорулай берсин. Жалпыңыздардын үй-бүлөңүздөргө амандык, бекем ден соолук жана тайманбастык тилейм. Элибиздин маданиятын, улуттук баалуулуктарын даңазалаган, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө багытталган жаңылыктар арбын болсун. Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар кут болсун, жеке өзүмдүн жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жалпы профессордук-окутуучулар курамынын атынан куттуктайм.

Урматтоо менен, ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов