1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

5 месяцев назад

273

ЖАМУнун СТУДЕНТТЕРИ ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯГА ЭЭ БОЛУШТУ

Президент Садыр Жапаров 31-октябрда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган мыкты 92 студентке мактоо баракчасын жана 60 миң сомдон президенттик стипендия тапшырды.

 Алардын катарында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине караштуу Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын физика-математикалык билим берүү багытынын математика профилинин ФМББ(М)-1-22 тайпасынын студенттери Асанбай кызы Кенжегүл жана Тамчиева Айназиктер да президенттик стипендияга ээ болушту.

Жеңүүчүлөр 2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы менен президенттик стипендияга талапкерлерди аныктоо боюнча тандоо турунун жыйынтыгы менен тандалып алынган. Алардын окуудагы, илимдеги, спорттогу жана коомдук, социалдык иштердеги мыкты жетишкендиктери каралган.