1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

5 месяцев назад

297

ЖАМУ ТУРКИЯНЫН 5 УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор К.Ж.Усеновдун жетекчилиги менен ЖАМУнун өкүлдөрү  Туркиянын Фетхия шаарында болуп жаткан “Жаштар изилдөөлөрүнүн Эл аралык конгрессине” катышууда. Конгресстин ачылышында ЖАМУнун ректору доклад жасады.

Ал арада Жалал-Абад Мамлекеттик университети менен Түркиянын 5 жогорку окуу жайы ортосунда кызматташуу боюнча келишимдер түзүлдү.  Алар Туркиянын Коркут Ата Османие, Бингол, Стамбул Эсеньюрт, Хаккари жанаТопкапы Стамбул университеттери.

Алдыда биргелешкен илимий изилдөө жана өнүктүрүүү долбоорлору, студенттик мобилдүүлүк жана окутуу программалары чөйрөсүндө түз кызматташтык ишке ашат. Бул эки тараптын тең профессордук-окутуучулук курамына жана студенттери үчүн тажрыйба алмашууга да жакшы шарт түзөт.