1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

5 месяцев назад

124

Эл аралык Рыспай Абдыкадыров клубуна 30 жыл

ЖАМУда ачылган Эл аралык Рыспай Абдыкадыров клубунун түптөлгөнүнө быйыл 30 жыл.  Маарекени утурлай облустук деңгээлде сынак уюштурулду. Анда Рыспай Абдыкадыровдун чыгармаларын аткарып, поэзиялар окулду. 

Иш-чаранын максаты жаш муунду тарбиялоодо этикалык жана эстетикалык баалуулуктар, билимдер системасын калыптандыруу. Ошондой эле кыргыз элинин ХХ кылымдагы залкар композитор жана обончусу Р.Абдыкадыровдун музыкалык чыгармаларын окуп үйрөтүү жана жайылтуу.

Сынактын жеңүүчүлөрү Рыспай Абдыкадыровдун 85 жылдык маарекесине уюштурулуучу концерттик программага катышууга жолдомо алат жана кызыктыруучу белектер каралган.

Белгилей кетсек клубдун АКШ,Франция, Кытай, Турция,Россия, республикабызда жана жакынкы, алыскы чет өлкөлөрдө 70тен ашык бөлүмдөрү  жана 1500дөн ашуун мүчөсү бар.