1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

5 месяцев назад

715

ЖАМУ Түркиянын Саламаттык билим берүү университети менен кызматташат.

Жалал-Абад мамлекеттик университети Түркиянын Стамбул шаарындагы Саламаттык билим берүү  университети менен иштешүүнү жандантат. ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор К.Ж.Усеновдун жетекчилиги менен ЖАМУнун өкүлдөрү Стамбул шаарындагы аталган окуу жайда болуп, академиялык мобилдүүлүк, тажрыйба алмашуу жана биргеликте келечекте кыргыз-түрк медициналык институтун ачуу боюнча сүйлөштү.

Медицина жаатында билим берүүдө эл аралык кызматташууну чыңдай турган бул маанилүү кадам – билимдүү, компетенттүү дарыгерлерди даярдоого, эки элдин ортосундагы академиялык байланыштарды бекемдөөгө жана саламаттык сактоо тармагында ийгиликтерди жаратаары бышык.

Стамбул шаарында өтүп жаткан жолугушууга ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор К.Ж.Усенов менен бирге тарых кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент Г.А.Анарбаева жана санаприптештирүү жана билим берүүдөгү инновациялык технологиялар  бөлүмүнүн башчысы А.М.Термечикова, Техника илимдеринин кандидаты лицензиялоо, аккредитациялоо жана билим берүүнүн сапаты  бөлүмүнүн башкы адиси Такеева А.Т катышты.

Жолугушууга Саламаттык билим берүү университетинин ректорунун орун басарлары профессор Др. Юнус Каракоç, Профессор. Др. Эбру Кале жана Персонал бөлүмүнүн башчысы Тургут Кочоглу,  башкы катчынын орун басары Онур Очактан жана окутуучу Зүбәйде Түркмендер катышып, жолугушуу өз максатына жетти.