1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

5 месяцев назад

124

ЖАМУда ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык институтту академиялык илим менен практикалык саламаттыкты сактоонун өз ара байланышын чыңдоого багытталган жолугушуу уюштурду. Бул жолугушуу жаш кадрларды жумуш менен камсыз кылуу жана өз ишин жакшы билген адистерди даярдоо багытын көздөйт.

Иш-чарага ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректору техника илимдеринин кандидаты, доцент Сталбек Куваков баштаган окутуучулар жана медициналык институттун бүтүрүүчү курстары,  алдыңкы иш берүүчүлөр, медициналык мекемелердин жетекчилери жана башкы дарыгерлери катышты.

Алгач медицина жаатында докладдар окулуп, эки тараптын суроо-талаптары айтылды. Дарыгердик жоопту кесип болгондуктан теория менен практиканын байланышы маанилүү экендиги белгиленди.

Облус аймагында дарыгерлердин жетишсиздиги айтылып келет. Бул көйгөйдү чечүүдө  окуу жайлар менен медициналык мекемелердин биргеликте иш алып баруусу маанилүү. Ал эми ЖАМУнун медициналык институту кадр көйгөйлөрүн чечүүнүн үстүндө жигердүү иштеп, тармактын заманбап талаптарына жооп берген жогорку квалификациялуу дарыгерлерди даярдайт.