1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

5 месяцев назад

166

"Ыр, бийге турат кумарым – өзгөчө макам алганым” аталышындагы сынак уланууда 

КРнын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө”, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыктарын аткаруу жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Ыр, бийге турат кумарым – өзгөчө макам алганым” аталышында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин институт, колледждеринин арасында сынак өтүүдө.

Бул жолку сынактын кезеги Жалал-Абад колледжине келип, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы өз таланттарын көрсөттү. Катышуучулар ЖАМУ боюнча видео ролик, баалуулуктарыбызды даңктаган саламдашуу, Манас эпосунан үзүндү, ЖАМУну түптөгөн залкарлар жана кыргыз ырларын аткаруусу шарт.

Иш-чаранын максаты улуттук баалулуктарыбызды даңазалоо, окуу жайдагы профессордук-окутуучулар курамын билим берүү менен катар маданий чөйрөдө таланттарын көрсөтүү.

“Ыр, бийге турат кумарым – өзгөчө макам алганым” аталышындагы сынак бул жолу өзгөчө шаң менен өттү. Уюштуруучулар топ менен иштеп, ата-бабаларыбыз колдонгон буюмдардан тартып, эски кийимдер, элибиздин эмгекчилдигин кеңири баяндаган.

Белгилей кетсек саамалык ушул жылдын февраль айында башталып, жыйынтыгы декабрь айында чыгарылат. Эң мыкты делген номерлер жыл жыйынтыгында уюштурулуучу концерттик программада көрсөтүлөт. Ал эми мыкты командага университет тарабынан акчалай сыйлыктар каралган.