1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

6 месяцев назад

260

1

Болочок юристтер №53 ЖАМК мекемесинде болушту

Экономика жана укук институнун Юриспруденция багыты боюнча Кылмыш жаза укук дисциплиналар кафедрасынын 4-курсунун студенттери өз адистиктери боюнча билимин тереңдетүү максатында, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №53 мекемесинде болушуту.

Акыркы мезгилде өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун саны өсүп жатканы айтылууда. Мындан улам мекеменин кызматкерлери  окуучулар жана студенттер менен жолугушууларды жандантып, терс көрүнүштөрдүн алдын алуу аракетинде.

Жолугушуу учурунда атайын видео сабактар уюштурулуп, кеп-кеңештер айтылды. Мындай иш-чара болочокто мыкты кесипкөй болуу менен катар туура эмес жолдон оолак болууга шарт түзөт. Жолдон адашпоо, өз кесибин адал аткаруу, келечектеги юристтер үчүн маанилүү.

Эскерте кетсек, кылмыш жаза укук дисциплиналар кафедрасынын студенттери жыл сайын укук коргоо органдарынын жумушу менен жеринен таанышып, тажрыйба арттырып келет. Бул алардын өз кесиби менен иштөөсүнө шарт түзөт.