1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

6 месяцев назад

120

"Улуттун уңгужолу жана Мамыр Мерген уулунун тарыхтагы орду” аталышындагы илимий-практикалык конференция

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жана Түркстандын азаттык күрөштөрүнүн баатыры Мамыр Мерген уулунун 187 жылдыгына арналаган “Улуттун уңгужолу жана Мамыр Мерген уулунун тарыхтагы орду” аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияда илимий баяндамалар жасалып, тарых иилимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов Улуу инсандардын тарыхтагы ордун аныктоо – Уңгужолдун талабы боюнча баяндаса, КРнын Президентине караштуу “Мурас” коому башкармалыгынын төрагасы, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Кыяс Молдокасымов Мамыр Мергендин күрөшү, тагдыры жана өлүмү тууралуу архивдик документтер менен бөлүштү.

“Эл үчүн жанын аябаган баатырларды жайылтуу, жаштарга үлгү катары көрсөтүүдө ЖАМУ тынымсыз илимий-практикалык конференцияларды уюштуруп келет. Бул өсуп келе жаткан жаштарга мекенчилдик сезимин жандантууга өбөлгө түзөт”- дейт техника илимдеринин доктору, профессор, ЖАМУнун ректору К. Усенов.

Мамыр Мерген уулу — Нарын дарыясынын сол жээгиндеги Эки-Суу арасы деп аталчу өрөөндүн Үч-Коргон, Избаскан чөлкөмдөрүндө жашаган сол канат кыргыздарынын мундуз уруусунун жөнөкөй үй-бүлөсүнөн чыккан инсан болгон. Анын басып өткөн жолу, жасаган эрдиктери ЖАМУда болгон илимий конференцияда айтылды.

Белгилей кетсек баатырды даңазалоо, анын айкелин орнотуу, илимий конференцияларды уюштуруу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы жарлыгынын негизинде өткөрүлүүдө.