1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

6 месяцев назад

151

"Ыр, бийге турат кумарым - өзгөчө макам алганым" сынагы

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин институт жана колледждеринин профессордук-окутуучулук курамынын арасында улуттук баалулуктарды жана окуу жайды даңазалаган сынак уланууда.

Аталган сынак КРнын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө”, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыктарын аткаруу жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Ыр, бийге турат кумарым – өзгөчө макам алганым” аталышында уюштурулууда. Бул жолу Жалал-Абад педагогикалык колледжи тарабынан өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты билим жана илим менен чыгармачылыкты айкалыштыруу, маданий чөйрөдө өз таланттарын көрсөтүү. Сынактын катышуучулары улуттук баалуулуктарды даңазалап, окуу жайдын түптөлүүсүнө салым кошкондор боюнча көрүнүш көрсөтүп, өз таланттарын тартуулашты.

Аталган саамалык ушул жылдын февраль айында башталып, жыйынтык декабрь айында чыгарылат. Мыкты командага университет тарабынан акчалай сыйлыктар каралган.