СТУДЕНТТЕРГЕ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Жолугушууда студенттерге зордук-зомбулуктун түрлөрү жана ага карата мыйзамдуу түрдө колдонулуучу чаралар, зомбулукка байланыштуу Кыргыз Республикасынын укук-ченемдик актылары тууралуу маалымат берилди.
“Акыркы учурларда коомдо болуп жаткан окуялар көпчүлүктү коркутууда. Мындан улам зомбулуктун кандай гана түрлөрү болбосун кайдыгер карабастан, ар бирибиз каршы күрөшүшүбүз керек. Студенттердин азыркы учурда алып жаткан билими келечекке жол ачат, андыктан тоноочулук, зомбулуктун алдын алуу үчүн билимдүү жаштар өлкөбүзгө керек”, - деп баса белгиледи Самара Кыдырова. Жолугушуунун жүрүшүндө ал студенттердин кызыктырган бир катар суроолоруна жооп берип, ар бир кылмыштын беренелери боюнча жоопко тартыларын баса белгилеп өттү.
Эске салсак, студенттер арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, тоноочулук, зордук-зомбулуктарды болтурбоо аракеттери Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин бардык институт, колледждеринде өткөрүлүүдө.
ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин алдыңкы тажрыйба борборунун студенттерине педагог Рабия Эгембердиева жана Сузак РИИБнын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча улук инспектору, милициянын капитаны Самара Кыдырова зордук-зомбулуктун алдын алуу, тоноочулук, эрте турмушка чыгуу жана никаб боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.