1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

6 дней назад

23

1

Мугалим - илим жана билим ааламындагы жол башчы

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунун Экономика, эсеп жана кадр кафедрасы окутуучуларга майрамдык маанай тартуулады.

Түйшүктүү, жоопкерчиликтүү кесип ээлеринин көңүлдөрүн көтөрүүнү студенттер колго алган. Ар бир окутуучунун жаштыктагы сүрөттөрү, алардын өзгөчөлүктөрү катышуучуларга кенен айтылып, майрам тарыхына да токтолуп өтүлдү.

Маданий иш-чарада мугалимдерди даңктаган обондуу ырлар, сабак учурундагы кызыктуу окуялар, көркөм окуулар, студенттер тарабынан даярдалган чакан белектер майрам ээлеринин маанайын көтөрдү.

Иш-чарага ЖАМУнун Мамлекеттик тил, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору Абубакир Маматумаров да катышып, уюштуруу жогорку деңгээлде болгонун, ар убак окутуучу менен студенттердин ортосунда сый мамиле бекем болуусун каалады.

Белгилей кетсек, жыл сайын 5-октябрда дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө мугалимдер күнү белгиленет, Бул күн 1994-жылы негизделген. Ал эми 2014-жылы Өкмөттүн токтому менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин күнүн 5-октябрда белгилөө чечими кабыл алынган.