1. Башкы бет
  2. Басма сөз кызматы
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

113

КАДАМЫҢ АРЫШТУУ БОЛО БЕРСИН

Урматтуу профессордук-окутуучулук курам, мугалимдер, тарбиячылар, студенттер, окуучулар жана биздин жаш наристелер. Бүгүн Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жогорку окуу жайы болуп түзүлгөндүгүнө 102 жыл болду. Сиздерди биздин бир кылымдан  ашык тарыхы бар, “Даңк” орденинин  ээси ордендүү окуу жайыбыздын туулган күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Жалал-Абад мамлекеттик университети илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси алгач, Жалал-Абад педагогикалык окуу жайы1923-жылы кыска мөөнөттүү педагогикалык курс катары уюштурулган. Бул биздин өлкөдөгү эң биринчи жана эң ири педагогикалык окуу жайы 31 миңден ашуун адисти (1926-1993) бүтүргөн. Анын бүтүрүүчүлөрү  Гапар Айтиев, А.Исмаилов, Сабырбек Акылбеков, Жоомарт Бөкөнбаев, Жунай Мавлянов, Түмөнбай Байзаков, Шабданбай Абдраманов, Нургазы Бримкулов, Темиркул Үмөталиев, Төлөн Шамшиев, Рахат Ачылова, Мухтар Борбугулов, Жунусалы Малабаев, Муса Адышев жана башка Кыргызстандын илим, маданият, адабият, билим берүүсүнүн жана башка тармактардын көрүнүктүү ишмерлери.

Ал эми Жалал-Абад мамлекеттик университети катары 1993-жылдын 2-апрелинде КР Президентинин Жарлыгы менен Жалал-Абад облусундагы жалгыз жогорку окуу жай болуп түзүлгөн. Ар тараптуу адистерди даярдап, бир нече чыгаан инсандарды уядан учурган. Биздин бүтүрүүчүлөр дүйнөнүн төрт тарабында жана Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенип, мамлекеттин өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп келишүүдө.

Бул 102 жыл айтканга оңой бирок, ушул жылдар аралыгында окуу жай бир катар ийгиликтерди багындарып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Даңк” орденине  ээ болду.Андан сырткары  жаңы окуу корпустары курулуп, материалдык-техникалык базасы чындалууда. Буга чейин Жогорку окуу жай гана болуп келсе, 2024-жылы бала бакча жана инновациялык мектеби ачылды. Бул менен эле чектелбестен, 2024-жылдын 18-октябрында өзгөчө статус макамга ээ болуп, Өзгөчө макамга ээ болуу менен   университет өнүгүүнүн жаңы этабына өттү. Алдыга чоң максаттар коюлду.       

 Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети атын өзгөртүп, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси болду.

Ар бир жетишкендик, алдыга ташталган кадамдар биздин студенттердин, окуучулардын жана жаш наристелердин жаркын келечеги үчүн аткарылып келет. Жасалган ар бир жакшылыкта сиздердин ордуңуздар опол тоодой экенин баса белгилеп кетем. Сиздердин эмгегиниздер аркылуу университет күндөн күнгө бийиктиктерди багындырып, билим берүү тармагында өз орду бар, абр ойлуу жогорку окуу жай болуп дүйнөгө тааныла баштады. Жалпыңыздарга жетишкендик, үй-бүлөлүк  бакыт, ишиңиздерге ийлилик каалайм. Дайыма биримдикте, ынтымакта окуу жайдын алдыга өнүгүшүнө өз салымыбызды кошуп, окуу жайдын биргеликте өнүктүрө берели деген тилектемин.

ЖАМУ түзүлгөн күнүң менен! Кадамың арыштуу боло берсин кадырлуу билим уясы.

Сиздерди урматтоо менен К.Ж.Усенов.