1. Башкы бет
  2. Басма сөз кызматы
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

76

Тесттик тапшырмалардын сапатын жакшыртуу жана тесттик суроолорду түзүүнүн эрежелери

ЖАМУнун тестирлөө жана билим сапатын баалоо борбору тарбынан

2025-жылдын 10.03-14.03 чейинки аралыгында факултьтет жана колледждерде тесттик тапшырмалардын сапатын жакшыртуу жана тесттик суроолорду түзүүнүн эрежелери боюнча семинар болуп өттү. Аталган иш-чарада п.и.д., профессор Уметов Т.Э. “Өтүлгөн темалар боюнча тесттик суроолорду түзүү тартиби жана жолдору” , п.и.к. Нусупова Р.С “ Тесттин сапатын жогорулатуу жолдору”,  санариптештирүү жана билим берүүдөгү инновациялык технологиялар борборунун жеткечиси Термечикова А.М.“Тесттик тапшырмаларды иштеп чыгууда санарип технологиялардын жана жасалма акылдын ролу”, тестирлөө жана билим сапатын баалоо борборунун директору Жолонбаева А.Ж.”Тесттик тапшырмалардын электрондук түрүн тапшыруу боюнча методикалык көрсөтмө” аттуу баяндамалары менен катышып, презентация жасашып, окутуучулар берген суроолорго так жана жакындан түшүндүрүп беришти. Окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында уюштурулган бул семинарда тесттин сапатын жакшыртуунун негизги принциптери каралды. Катышуучулар тесттик тапшырмаларды иштеп чыгуу, алардын окуу программасына шайкештигин камсыз кылуу жана алынган жыйынтыктарды окуу процессин жакшыртуу үчүн колдонуу боюнча практикалык кеңештерге ээ болушту

Семинар интерактивдүү форматта өтүп, катышуучулар талкууларга активдүү катышып, өз тажрыйбалары менен бөлүшө алышты. Семинарда алынган билимдер жана тажрыйбалар окутуучуларга келечекте дагы сапаттуу тесттерди түзүүгө жана окуучулардын билимин обьективдүү баалоого жардам берет. Жалпысынан алганда, семинар өз максатына жетти жана окутуучулардын тесттик сабаттуулугун жогорулатууга чоң салым кошту. Семинардын ийгиликтүү өтүшү окутуучулардын кесиптик өнүгүүсүнө болгон умтулуусун жана билим берүүнүн сапатын жакшыртууга болгон кызыгуусун дагы бир жолу тастыктады. Биздин борбордо мындай семинарлар ар жылы өткөрүлүп турат.