ЖАМУ КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

2025-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда юристтерди даярдаган өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайлары менен кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюу аземине ЖАМУнун ректору Усенов Кенешбек Жумабекович катышты. Бул иш-чара Конституциялык сот менен юридикалык жогорку окуу жайлардын ортосундагы укуктук билим берүүнү өнүктүрүүгө, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана болочок юристтердин конституциялык баалуулуктардын негиздерин терең өздөштүрүүсүнө багытталган кызматташтыкты бекемдөөдө маанилүү кадам болду. Конституциялык соттун төрагасы Эмил Жолдошевич Осконбаев жаштардын укуктук маданиятын калыптандырууда жана квалификациялуу адистерди даярдоодо жогорку окуу жайлар менен кызматташтык негизги ролду ойной тургандыгын белгиледи. Ал судьялардын жерине баруу менен өткөргөн лекциялары, илимий конференциялар жана Ачык эшиктер күндөрү сыяктуу биргелешкен билим берүү демилгелери студенттерге конституциялык укуктун принциптерин жана сот тутумунун иштөөсүн тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк берерин баса белгиледи. Иш-чаранын алкагында Конституциялык сот төмөнкү окуу жайлар менен Кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол койду:
-Б.Осмонов атныдагы “Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси;
-Кыргыз Республикасынын ИИМинин Э. А. Алиев атындагы академиясы;
-Борбордук Азиядагы эл аралык университети;
-КР Башкы прокуратурасынын алдындагы Юридикалык академия;
-Ош мамлекеттик университети