ЖАМУНУН РЕКТОРУ ИНДИЯ МАМЛЕКЕТИНИН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Индия жана Пакистан мамлекеттеринен студенттерди алып келген фирманын өкүлдөрү ректор Кенешбек Усенов менен жолугушуп, ага ыраазычылык билдиришти. Учурда Индия мамлекетинде дүйнө жүзүнүн ар тарабынан медициналык билим алып келген индиялыктар үчүн FMGE 2025 сынагы өтүүдө. Аталган сынакка ЖАМУнун студенттери дагы катышып, жогорку балл менен ийгиликтүү тапшырышууда.
Фирманын жетекчиси Мухаммад Шоиб Шахид Нур ректор менен жолугушуу учурунда ЖАМУнун жалпы эмгек жамаатына жана ректорго ыраазычылык билдирди. Индиянын улуттук экзаменинен ЖАМУдан бүтүп барган студенттер жогорку баллдык көрсөткүчтөргө ээ болуп, окуу жайдан татыктуу билим алышкандарын далилдешүүдө. Алардын ийгиликтери сиздердин эмгегиңиздер деп кабыл алабыз. Окуу жайда билим алууга жетиштүү шарттар түзүлүп, профессордук-окутуучулук курам мыкты билим беришкендиктен экзаменден ийгиликтүү өтүшүүдө. Сиздерге терең ыраазычылыгымды билдирем – деди ал.
Белгилей кетсек FMGE 2025 экзаменине 680 бүтүрүүчү катышып, 350дөн ашууну ийгиликтүү өтүштү. Сынак дагы да уланып жаткандыгына байланыштуу өткөн студенттердин саны дагы өсөт.