ЖАМУДАГЫ САЛТАНАТТУУ АЗЕМ
Окуу жайга «Данк» ордени тапшырылгандыгына байланыштуу профессордук-окутуучулук курам жана студенттердин катышуусу менен салтанаттуу азем болуп өттү. Иш чара Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин административдик корпусунун алдында уюштурулуп, ректор К.Ж.Усенов “Данк” орденин жалпы жамаатка жана студенттерге ыйгарды.
Саланаттуу аземде ректор сөз сүйлөп, мындай чоң даражадагы мамлекеттик сыйлыкка жалпы эмгек жамааттын жана студенттердин эмгеги жана биримдиги менен жетишкенин баса белгиледи.
“Данк” ордени Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан 3 университетке гана ыйгарылган. Алар Ош мамлекеттик университети, Кыргыз улуттук университети жана Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети. Урматтуу кесиптештер жана студенттер сиздер ордендүү университетте эмгектенип, билим алып жатасыздар. Окуу жайда жасалган ар бир эмгегибиз эл тарабынан бааланып, КР Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен сыйлыкка ээ болуп отурабыз. Бул бизге мотивация, стимул берип, мындан кийинки арышыбызды кенен кылат. Баарыңыздарды сыйлыгыныздар менен куттуктайм! – деген тилегин билдирди ректор.