МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕР ОКУТУЛУУДА
Биздин университетте үч жылдан бери КР Президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында тренерлер тарабынан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча акысыз тренингдер өткөрүлүп келет.
Тренингдердин жүрүшүндө угуучулар жаңылыктар жөнүндө, иш жүргүзүүнүн жаңы ыкмалары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын новеллалары жөнүндө маалымат алышат. Ар бир тармактагы кызматтарга атайын багытталган курстар окутулат.