КЫРГЫЗ ЖАНА РОССИЯ УНИВЕРСИТЕТТЕРИ ЖАШТАР ҮЧҮН ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮ ТАЛКУУЛАШТЫ
Бишкекте Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу, Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын Чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча орун басары Антон Рыбаков жана Россотрудничество Павел Шевцов кыргыз-орус билим форумунун салтанаттуу ачылышына катышты.
Форумдун максаты - билим берүү тармагындагы байланыштарды чыңдоо, алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу жана ЖОЖдор менен экономиканын реалдуу секторунун өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү.
Форумдун алкагында 14-15-октябрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Орусиянын жогорку окуу жайларынын көргөзмөсү өттүп. Көргөзмөгө келгендер бюджеттик орундарга кабыл алуу шарттары жана Россия Федерациясынын өкмөтүнүн квотасы боюнча билим берүү программалары менен тааныша алышты.
Форум Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын 70тен ашык ЖОЖдорунун диалог аянтчасы болуп саналат. ЖАМУнун атынан ректор К.Ж. Усенов, проректор С.Ж. Куваков, окуу бөлүмүнүн башчысы Т.Э. Уметов жана улук окутуучу Н. Мусакулов катышып баяндама жасап келишти.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана «Россотрудничество» федералдык агенттиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын колдоосу менен уюштурулду – дейт ЖАМУнун илим жана инновация боюнча проректор С.Ж.Куваков.