УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юриспруденция жана экономикалык-юридикалык колледжинин укук таануу адистиктеринин студенттери менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ортосунда жолугушуу болуп өттү.
Анда келген коноктор өз кесиби жөнүндө кенен айтып беришип, жаштарды терең билим алуу менен тартипке чакырып өтүштү.
Ал эми студенттер болочок адистиги боюнча өздөрүн кызыктырган суроолорун берүү менен катар кызмат учурунда кездешүүчү кыйынчылыктар жөнүндө маек курушту.
Жолугушуунун алкагында коррупциянын алдын алуу боюнча сөздөр айтылып, жаштар арасында бейбаштык күч алганына токтолушту.
Белгилей кетсек иш чарага Жалал-Абад облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Сыргаев Улукбек Раушанбекович, Жалал-Абад ШИИБнин милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү милициянын капитаны Камчиев Авазбек Якубович, лейтенант Бектемиров Эрнист Эркинбекович катышышты.