1. Башкы бет
  2. Басма сөз кызматы
  3. Жаңылыктар

4 месяца назад

218

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТОО!

Урматтуу кесиптештер, студенттер, окуучулар жана бөбөктөр!

Сиздерди 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү  менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргыз тили – эгемендүү эркин мамлекетибизде элибиздин эркиндигин айгинелеген мамлекеттик тил.

Кыргыз ССРинин Жогорку Совети 1989-жылдын 23-сентябрда атайын мыйзам кабыл алып, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын ыйгаруу менен, эгемендүү мамлекеттин түптөлүшүнө орчундуу кадам жасалган. Мыйзам кабыл алынгандан бери мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган бир катар иштер аткарылып келет.

Эгемендүү элибиздин мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жана улутубуздун келечегин түптөө максатында мамлекеттик тилдин өнүгүшү үчүн ар бир кыргыз жараны өз тилинде сүйлөөгө, анын коомдогу ордунун бекемделишине көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

Андыктан Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик универсиетинде, инновациялык мектепте жана  мектепке чейинки билим берүү уюмунда кыргыз тилине өтө чоң маани берилип, балдарга мамлекеттик тил окутулуп келет. Жаштар биздин кекчегибизди улоочулар. Алар чет тилдерин үйрөнүү менен өз тилдеринде мыкты сүйлөп жана жазганына шарттар түзүлүүсү шарт.

Тилибиз менен  улутбуз – улуу тилибизди унутта калтырбай аны барктап, баалап дүйнө жүзүнө таанытуу ар бирибиздин колубузда. Кыргыз тили кыйырга тарап, сүйлөнүп турушуна тилектешмин.

Майрамыңыздар менен!