1. Башкы бет
  2. Басма сөз кызматы
  3. Жаңылыктар

6 месяцев назад

243

Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарымукуктуу Элчиси ЖАМУда

2024-жылдын 4-июлунда Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине атайын иш сапар менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь айым жана коноктор Ю Чжиган, Ван Цзэнань, Чэнь Яньчжэн келишти. Келген коноктор менен ректор т.и.д., профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович жолугушуп, азыркы учурда Кытай Эл Республикасындагы бир топ университеттер жана илим-изилдөө институттар менен тыгыз кызматташып жатканыбызды белгилеп кетти. Азыркы учурда Конфуций институту активдүү иштеп жаткандыгын жана алдыга коюлган максаттуу долбоорлор жөнүндө баса белгиледи.

Ошондой эле өз учурунда Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь айым терең жана маанилүү бир кылымдык университет менен таанышканына кубанычта болгонун айтты. “Один пояс – один путь” дүйнөлүк масштабдагы чоң долбоордун алкагында жаңы темир жол маршруту Жалал-Абад шаары аркылуу өткөндүгүн айтып, жаңы инновациялык ой пикир менен бөлүштү. Кытай менен Кыргызстан далай жылдары ар тараптуу кызматташкан жана эң негизгиси, кошуна мамлекет экенибизди белгилеп, ЖАМУ менен Кытай мамлекетинин университеттер аралык кызматташууну жогорку дэңгээлге көтөрүүнү сунуштады. Университеттин жаңы корпустарын (кампус) аяктап жатканына байланыштуу Кытай Эл Республикасынын Элчилигинин атынан акчалай каражат белекке берээрин айтып өттү. ЖАМУнун жамаатына ыраазычылык билдирип, албан ийгилик каалап иш сапарын аяктады.