КЫТАЙ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ ФОРУМУ
Б.Осмонов аындагы ЖАМУнун ректору Усенов Кенешбек Жумабекович Үрүмчү шаарына болгон иш сапарынын алкагында Синьцзян-Уйгур автономдук районунун элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Туньяс менен жолугушуп, Кытай-Борбор Азия кызматташтык форумунда баяндама жасады.
Кытай -Борбордук Азия илимий-техникалык кызматташтык форумунда жасаган баяндамасында К.Ж. Усенов университет 4.0 модели боюнча сөз сүйлөп, анын өзгөчөлүктөрү, билим берүүдөгү пайдалуугу жөнүндө айтты. 4.0 модели дүйнөлүк деңгээлде адамзаттын социалдык жана экономикалык цвилизациянын өнүгүшүнө алып келээрине токтолду.
Ошондой эле рекор Синьцзян университетинде өткөн форумда эки окуу жайдын кызматташтыгы тууралуу сөз сүйлөдү.
“Биз өнөктөштүгүбүздү мындан ары дагы бекемдөөнү улантуу менен инновацияларды стимулдаштырабыз. Эки тараптуу кызматташууну күчөтүп, келечекте тажрыйба алмашуулар орун алат” – деди ал.