1. Башкы бет
  2. Басма сөз кызматы
  3. Жаңылыктар

8 месяцев назад

159

БИЛИМДИ ӨРКҮНДӨТҮҮ - ЗАМАНДЫН ТАЛАБЫ...

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн инфекциянист дарыгерлерине атайын мектеп - конференция болуп өттү.  Конференцияда "Курч респиратордук вирустук инфекциянын, сасык тумоонун, ичеги - карын инфекциясын жана гепатиттин диагнозун коюудагы, дарылоодогу жана алдын алуудагы чечилбеген жана татаал суроолор" деген теманын алкагында баяндамалар окулган.

 Аталган семинар Өзбекстандын Ташкент шаарында жогорку деңгээлде өтүп, ага жергиликтүү дарыгерлерден башка дагы Россия, Казакстан, Тажикстан жана биздин өлкөнүн инфекциянист дарыгерлери катышышты. Билимдерин өркүндөтүү үчүн, бул конференцияга Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучулары да четте калбай, медициналык факультетинин окутуучусу: Жээналиева Гульнара Маратовна, медициналык колледжинин окутуучулары: Равшанбек кызы Айнагул жана Токтогулов Эламан Дуйшөевич  сертификаттарга ээ болуп жана кийинки жылы Казакстанда боло турчу семинарга жолдомо алышты.