КЫЗМАТТАШТЫК ЖОЛУГУШУУ
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Кеңешбек Жумабекович Усенов ЭЛТР МТРКсынын башкы директору Догдурбеков Эрлан Догдурбекович менен жолугушту.
Жолугушууда, маалымат жүргүзүүдөгү кызматташтык, ЖАМУнун ийгиликтери боюнча кенен пикир алышуу жүрдү. 101 жылдык тарыхы бар окуу жайдын бүгүнкү өнүгүү багыттары, санариптик технологиялык шарттары боюнча сүйлөшүү жүрдү.
Эрлан Догдурбеков өз сөзүндө аталган окуу жайдын инфратүзүмдөрү жогорку заманбап шартта долбоорлонгон. Орто азиядагы жогорку билим ордосунун курулушу башталганы маалым. Ошондой эле ЖАМУ менен ЭЛТР МТРКсынын кызматташып келе жатканына 15 жыл толду. Жаркын келечектин үмүтү, Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жетекчилигине,окутуучулар жамаатына Кеңешбек Жумабековичке терең ыраазычылык билдиребиз деген оюн билдирди.