1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

10 часов назад

69

ЖАМУда жаңы кызматтык дайындоолор болду

2026-жылдын 26-ноябрында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде ректордун алмашуусуна байланыштуу кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Жаңы ректордун кызматка дайындалышына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 190-беренесинин 8-пунктуна ылайык, университеттин проректорлору өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү арыздарынын негизинде ээлеген кызмат орундарынан бошотулду.

Ушул эле күнү ЖАМУнун ректору, ф.и.д., профессор Д.И.Козуев административдик кеңештин жыйынында жаңы дайындалган проректорлорду тааныштырды.

Ага ылайык: Окуу иштери боюнча проректор – ф.-м.и.к., доцент Р.Н.Арапбаев; Илимий иштер жана инновациялар боюнча проректор – философия илимдеринин доктору, профессор Г.С.Токоева; Административдик-чарба иштери боюнча проректор – э.и.к., доцент С.С.Уметов; Мамлекеттик тил, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректор – окутуучу А.А.Усенов дайындалды.

ЖАМУнун эмгек жамааты жаңы дайындалган жетекчилерге жооптуу кызматтарында ийгиликтерди каалайт!