1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

9 часов назад

49

Жалал-Абад мамлекеттик университетине жаңы ректор дайындалды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемесине ылайык, Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору болуп Дурус Исакбаевич Козуев дайындалды.

Жаңы дайындалган жетекчини Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Лира Сулайманова окуу жайдын жамаатына тааныштырды.

Буга чейин университетти жетектеп келген Кеңешбек Усенов ректорлук кызматын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу тапшырды.