1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 день назад

22

КМДБнын кызматкерлери ЖАМУда студенттер менен жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын алдындагы илимий-изилдөө институтунун директору Самаган ажы Мырзаибраимов жана үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Эрик ажы Молдокулов ЖАМУнун студенттери менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө илим-билимдин адам жашоосундагы орду, адеп-ахлактын мааниси, ата-энени урматтоо, мекенди сүйүү жана коом алдындагы жоопкерчилик сыяктуу маанилүү темалар талкууланды.

Самаган ажы Мырзаибраимов өз сөзүндө илим алуу адамдын жеке өнүгүүсү менен гана чектелбестен, коомдун жана мамлекеттин келечегин аныктоочу негизги фактор экенин белгиледи. «Билимдүү болуу – чоң жетишкендик. Бирок алган билимибизди адеп-ахлак менен айкалыштырып, аны элдин, мекендин кызыкчылыгына жумшай билүү андан да маанилүү», – деди ал.

Ал эми Эрик ажы Молдокулов жаштардын тарбиясында ата-энеге болгон сый-урматтын, ыймандуулуктун жана мекенчилдиктин ордуна токтолду. - «Ата-энени сыйлоо, улууларды урматтоо жана кичүүлөргө ызаат көрсөтүү – улуттук наркыбыздын да, ислам адебинин да принциби. Ар бир жаш өзүнүн жүрүм-туруму, билими жана эмгеги менен мекенине пайда алып келүүгө умтулушу керек».

Саамалыкта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин өкүлү диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жана өлкө аймагында ишмердигине тыюу салынган агымдар боюнча кыскача маалымат берди.  

Мындай жолугушуулар жаштардын руханий дүйнөсүн байытууга, илимге болгон кызыгуусун арттырууга жана адеп-ахлактык баалуулуктарды бекемдөөгө багытталган.