1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

5 дней назад

74

ЖАМУда жол кырсыктарынын алдын алуу багытында жыйын өткөрүлдү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Жалал-Абад ОИИБнын ЖКККБ менен биргеликте жол кырсыктарынын санын азайтуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана студенттер арасында жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Акыркы учурларда жеткирүү кызматтарында иштегендердин басымдуу бөлүгү жаштар жана студенттер. Мындан улам, жол кырсыктарынын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча адистер студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жолдо жүрүүдө жоопкерчиликтүү болууга, эрежелерди так сактоого чакырышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилип, жол кырсыктарына себеп болгон ылдамдыкты ашыруу, унаа башкарып бара жатып телефон колдонуу жана жол эрежелерин сактабоо сыяктуу факторлорду чагылдырган видеотасмалар көрсөтүлдү.

Ошондой эле катышуучулар арасында жол кыймылынын эрежелери боюнча тест уюштурулуп, жол эрежелерине байланыштуу суроолорго так, туура жооп берип, студенттер активдүүлүгүн көрсөтүштү. Тесттин жыйынтыгында туура жооп бергендерге Облустук ички иштер башкармалыгынын ЖКККБ тарабынан атайын белектер тапшырылды.

Иш-чарага ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректору Сталбек Куваков, ИИМдин ЖКККББнын штабынын башчысы Бахрам Сайтходжаев, окутуучулар жана студенттер катышты.