1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

5 дней назад

64

ЖАМУда «Манас» эпосу жана түрк тилдүү элдердин эпикалык мурастары талкууланды

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Ата-бабаларды эскерүү күнүнө жана 4-декабрь – «Манас» күнүнө карата, “Манас” эпосу жана Чыңгыз Айтматов аталышындагы кереге кеңеш өткөрүлдү.

Иш-чарага ЖАМУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулук-профессордук курамы, студенттер, магистранттар, аспиранттар жана жаш изилдөөчүлөр катышты.

Кереге кеңеште Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын, «Манас» эпосун жана түрк тилдүү элдердин эпикалык мурастарын заманбап илимий-теориялык жана методологиялык багытта изилдөө, алардын улуттук өзгөчөлүктөрүн жана жалпы адамзаттык руханий маданияттагы ордун талдоо болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө окумуштуулар жана жаш изилдөөчүлөр тарабынан «Манас» эпосунун тили, дүйнөлүк эпикалык мурастарды изилдөөнүн актуалдуу маселелери, кыргыз жана казак элдик ырларындагы табияттын көркөм сүрөттөлүшү, эпостогу социалдык адилеттүүлүк идеясы, салттуу элдик медицина жана эпикалык тексттерди текстологиялык талдоо сыяктуу темаларда баяндамалар жасалды.

Мындан тышкары, үч китептин бет ачары болуп өттү. Алар: Шакир Ибраевдин «Казак салттык фольклору», «Калк казынасына мураскер» жана Абибилла Пазыловдун «Чын курандын жетиси» аттуу эмгектери. Китептердин таанытылышы улуттук адабий жана руханий мурастарды жайылтууга, илимий изилдөөлөрдү колдоого багытталган саамалык болду.