1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

6 дней назад

66

ЖАМУда Жаштар жумалыгы жыйынтыкталып, активдүү студенттер жана жаш окутуучулар сыйланды

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жарыяланган Жаштар жумалыгы жыйынтыкталды.  Жумалыктын жүрүшүндө студенттер арасында маданий иш-чаралар, интеллектуалдык оюндар, спорттук мелдештер өткөрүлүп, түштүк регионундагы окуу жайлардын жаштары менен жолугушуулар уюштурулду. Бул иш-чаралар жаштардын чыгармачылык жөндөмүн, интеллектуалдык дараметин өнүктүрүүгө, жаштар арасындагы ынтымакты бекемдөөгө багытталды.

Активдүүлүгүн көрсөтүп, коомдук иштерге жигердүү катышкан, окууда жогорку жетишкендиктерге ээ болгон студенттерге окуу жайдын, облустук жетекчиликтин жана шаардык мэриянын атынан ыраазычылык баракчалары жана ардак грамоталар тапшырылды.

Ошондой эле университеттин өнүгүшүнө салым кошуп, өз ишинде ийгиликтерди жаратып келе жаткан жаш окутуучулар да сый-урматка ээ болушту.

Мындан сырткары, 17-ноябрь  Эл аралык студенттер күнүнө карата концерттик программа тартууланып, студенттерге жагымдуу маанай тартууланды.