1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жалпы билим берүү ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

100

Санариптештирүү-студенттин коопсуздугу жана билим берүүдөгү ата-энелердин ролу

Экономика жана укук колледжинде 2025-жылдын 16-октябрында ата-энелер чогулушу болуп өттү. Жыйынды ЭУКтун директору А.А.Ташматова ачып берди.Жыйындын негизги максаты — студенттердин жетишкендиктери, тарбиялык маселелер, окуу процессинин жүрүшү жана ата-энелер менен тыгыз байланыш түзүү болду.

Жолугушууда төмөнкү маселелер каралды:

- Студенттердин окуудагы жетишкендиктери жана жүрүм-туруму;

- Сабакка катышуу жана тартип маселелери;

- Практикалык окуулардын жүрүшү;

- Колледждин ички тартиби, жаңылыктар жана пландар;

- Ата-энелердин сунуш-пикирлери угулду.

Чогулушта окутуучулар менен ата-энелердин ортосунда ачык диалог жүрүп, биргеликте иш алып баруунун маанилүүлүгү белгиленди.Жыйналыш өз максатына жетип, ата-энелер окутуучулук курамга ыраазычылык билдиришип ийгиликтерди каалашты

Ынтымакта, ишенимде жана биргеликте ийгиликке жетебиз.