Мугалимдер күнүнө карата “Билим-илим булагы”атуу темада куратордук саат

5- октябрь-мугалимдер күнү. Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономика жана укук колледжинин БЭк-3-25 тайпасы,куратору А.Жороева менен бирге Мугалимдер күнүнө карата “Билим-илим булагы”аттуу темада чакан кече өтүлдү.
Куратордук сааттын максаты: студенттерге мугалимдердин коомдогу орду,билимдин баалуулугу жөнүндө түшүнүк берүү,урмат-сыйды арттыруу, окууга, билимге умтулуу сезимин ойготуу.Тайпанын студенттери мугалимдерибизди майрамы менен куттуктап, ыр-бий жана жакшы каалоолорун тартуулашты. Сиздердин мээнетиңиздер- биздин сыймыгыбыз.