1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жалпы билим берүү ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

30

Адептүүлүктүн башаты-татыктуу тарбия

Экономика-юридикалык колледжинде 2025-жылдын 17-майында “Адептүүлүктүн башаты – татыктуу тарбия” аттуу ата-энелер жыйыны болуп өттү. Жыйынга колледждин директору э.и.д профессор А.Б.Карбекова жана мугалимдер, кураторлор жана ата-энелер катышты.

Чогулуштун негизги максаты – ата-энелер менен тыгыз байланыш түзүү, студенттердин билим алуусундагы жетишкендиктери жана көйгөйлөрү тууралуу маалымат берүү жана тарбия иштерин биргелешип жүргүзүү болду.

Окуудагы жетишкендиктери,тартип жана коомдук иштерге активдүү катышкан студенттердин ата-энелерине окуу жай тарабынан ыраазычылык каттар берилди.

Жыйындын соңунда ата-энелер өз сунуш-пикирлерин билдиришип, колледж менен байланышта болууга даяр экендиктерин белгилешти.

Мындай иш-чаралар студенттердин тартибин жакшыртууга, жоопкерчилигин арттырууга жана ата-эне менен мугалимдин кызматташуусун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.