«Репродуктивдүү ден соолук үчүн альянс»

Экономика -юридикалык колледжинин 1- курстун кыздарына
«Репродуктивдүү ден соолук үчүн альянс» коомдук бирикмесинин Жалал-Абад филиалынын координатору Закиряева Гүлнара, акушер-гинеколог Садырова Айзат келишип,конок лекция өтүштү. Лекцияда төмөнкү темалар боюнча маалымат берилди. "Үй- бүлөнү пландаштыруу", " Эрте никеге туруу" жана "Жугуштуу ооруларды алдын алуу".
Конок лекцияны ЭЮКтун директору э.и.д., профессор А.Б. Карбекова ачып берди.
Кыздарга жогорудагы темалар боюнча толук маалымат берилип, студенттерди кызыктырган суроолорго жооп беришти.
Уюштургандар: соцпедагог жана кыздар кеңешинин төрагасы: Базарбаева М.С.
Тарбия иштери боюнча жооптуу: Аззам уулу Гайназар