Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономика-юридикалык колледжинде конок лекция болуп өттү.

Жаштарга тарбия берүүдө психолог Танырыкова Мисират Макамбаевна конокто болду. Лекциянын жүрүшүндө көптөгөн кызыктуу окуялар, тарбиялык сөздөр жана студенттердин суроолору менен коштолду.
Бекем үй-бүлө ишенимдүү келечек
1. Үй- бүлөлөрдүн ажырашуусунун себертери. 2. Макулдашуу менен (ата-эне, эки жаш) турмуш куруушат, бирок ажырашуу көп. 3. Ата-энесиз өсүүгө сен себептүү эмессин (ортодогу ушак сөздөр, көрө албастык, түшүнбөстүк, ата энелерида себептери, досторунун арасындагы сөздөр) себеп. 4. Силердин кыйналган турушуңду келечекте силердин балдарыңар көрбөсүн.
Суу жана таш
Бир бала мугалимге барып:
– Устат, мен билим алуу кыйын жана мүмкүн эмес деп ойлойм. Канча аракет кылсам да, эч нерсе эсимде калбайт. Кандай жол менен ийгиликке жетсем болот? – деп сурайт.
Мугалим баланы агып жаткан дарыянын жээгине алып барып, чоң ташты көрсөтөт:
– Кара, бул таштын бетин суу жылмакай кылган. Бирок суу ташка бир заматта таасир эткен жок. Бул жылдар бою тамчылап тийип, акырындык менен өзүнүкүн жасады. Билим да дал ушундай. Сенин күн сайын аракет кылганың майда тамчылардай сезилиши мүмкүн, бирок убакыттын өтүшү менен акыры өз изин калтырат, – дейт.
Окуядан сабак:
Билим алуу убакытты, чыдамкайлыкты жана туруктуулукту талап кылат. Ар бир майда аракет чоң натыйжага алып келерин унутпоо маанилүү. Кичинекей кадамдар чоң өзгөрүүлөрдү жасайт.