Жумуш ордунда окутуу ЖАМУнун музейинде

25-жылдын 2025-февралында, жумуш ордунда окутуунун бекитилген графигине (ЖОО) ылайык, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин социалдык иш адистиги боюнча СРк-2-23 тайпасынын студенттери Кыргызстандын тарыхы сабагынын окутуучусу Исабек Ныязбек уулунун жетекчилиги астында “Кыргыз элинин калыптанып бүтүшү” темасынын алкагында ЖАМУнун тарыхый этнографиялык музейине барышты.
Музейде студенттер Жалал-Абад чөлкөмүндө изилдөөлөр учурунда табылган, коло, темир дооруна, сак, карахандар жана Кокон мамлекеттерине тиешлүү тарыхый буюмдар менен таанышышты. Музей менен таанышууга жардам бергендиги үчүн анын өкүлү К. Тайчиковго ыраазычылык билдиребиз.