“Илимий багыттагы өрнөктүү адамдар менен жолугушуу”

26-март күнү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика-юридикалык колледжинин ЖББ ПЦКсынын окутуучулары А.Э.Жороева жана Ныязбек уулу И. тарабынан “Илимий багыттагы өрнөктүү адамдар менен жолугушуу” аттуу темада конок лекция өткөрүлдү.
Конок катары ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин тарых кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Гүлнара Абдуманаповна Анарбаева чакырылып, илимий жолу менен бөлүшүп, илимий жетишкендиктери тууралуу айтып, кеңештерин берди,илимде ийгиликке кантип жетишүүнү белгилеп өттү.