1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жалпы билим берүү ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

3 месяца назад

155

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР -ОКУУ ЖАЙДЫН СЫЙМЫГЫ

Б.Осмонов атындагы экономика-юридикалык колледжинин экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча), каржы (тармактар боюнча) , салык салуу жана социалдык иш адистигинин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу уюштурулду. Жолугшууну ЭЮКтун директору э.и.д., профессор А.Б.Карбекова  ачып берип, окуу жайдагы жаңыланууларды тааныштырып, бүтүрүүчүлөрдү окуу жай менен  тыгыз байланышууга   чакырды.

 ЭЮКтун окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары А. А. Ташматова  бүтүрүүчүлөргө окуу жайдын стратегиялык планы жана социалдык иш адистигинин бүтүрүүчүнүн модели  менен тааныштырды. Андан соң экономика ПЦКсынын карьера боюнча жооптуу окутуучусу Акылбек кызы Венера экономика жана бухгалтердик эсеп, каржы жана салык салуу адистигинин НББП, бүтүрүүчүнүн модели менен да  тааныштырды.  ЭЮКтун өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н.А.Айылчиева бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын максаты жана милдеттери , иш пландары жөнүндө кенен айтып берди.

Бүтүрүүчүлөр өздөрүн студенттерге тааныштырып, окуу жайдын профессордук-окутуучулар жамаатына ыраазычылыктарын билдиришип, бүтүрүүчү моделине сунуштарын беришти. Ар бир кесип ардактуу демекчи бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн кесиптери, студенттик күндөрдө койгон максаттарына жеткен жолдору жөнүндө айтып, кеп кеңештерин беришти. Студенттер бүтүрүүчүлөргө кызыктуу суроолорду беришип, жоопторду ала алышты. Жолугушуунун аягында бүтүрүүчүлөр уюштуруучуларга жана студенттерге жакшы каалоо тилектерди айтып, окуу жай менен сыймыктанаарын билдиришти.