1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жалпы билим берүү ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

73

ИНТЕРАКТИВДҮҮ ТРЕНИНГ

Б.Осмонов атындагы экономика-юридикалык колледжинин студенттерине “Каниет” реабилитациялык борбору коомдук фонду тарабынан Евробиримдиктин “Сот-адилеттигине мониторинг-Кыргызстанда адам укуктарын илгерилетүү боюнча жарандык коомду чыңдоо” долбоорунун алкагында интерактивдүү тренинг болуп өттү. Тренингди  “Каниет” реабилитациялык борбору коомдук фондунун жетекчиси Назгүл  Ташматова , фонддун тренери Гулмайрам Аттокурова жана  Жанна Саралаева  өтүштү.  Биз антропоцен доорунда жашап жатабыз: тобокелдиктер жана чакырыктар , гендердик теңчиликтин мисалында улуттук жана эл аралык алкактардын негизинде мониторинг жүргүзүү системасы боюнча презентация жасашты.

Тренерлер тренингдик сабактардан тышкары, алынган билимди бекемдөө, критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү жана экологиялык жана социалдык көйгөйлөрдү талкулоого  студенттердин катышуусун жогорулатуу үчүн  интерактивдүү викторина өткөрүшүп активдүү катышкан студенттерге рюкзак, флешка жана башка белектерди беришти. ЭЮКтун окутуучулар жамааты жана студенттери  уюштуруучуларга ыраазычылк билдиришти.