1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жалпы билим берүү ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

61

ЭЮКтагы «Мыкты окутуучу»сынагы

ЖАМУнун окуу-усулдук бөлүмүнүн уюштурган “Мыкты окутуучу” сынагынын алкагында экономика-юридикалык колледжинин ЖББ ПЦКнын окутуучусу Н.К.Осмонова  25.02.25ж.ачык сабак өттү. БЭк-3-24 группасы менен өткөрүлгөн “И.А.Бунин-сөздүн чебери жана орус жаратылышынын ырчысы”деген аталыштагы  орус адабияты сабагында окутуучу Осмонова Н. К.техникалык каражаттарды, интерактивдүү панелди  пайдаланып,сабактын максаттарын: өнүктүрүүчү, тарбиялык билим беруучулук туура түзгөн.Студенттердин жекелик, жуптук, топтук иштери натыйжалуу уюштурулуп, сабактарга эпиграфтар тандалып, словардык иштери жүргүзүлдү, окуучулардын адабият боюнча билимдерди өздөштүрүүсүнө көңүл бурулду.Топтук иште кластер,Венндин  диаграммасы,синквейн, диалог ж.б.уюштурулду. Студенттердин айткан И.А.Бунин жана С.А.Есениндин диалогу өзгөчө белгиленди.Баалоо критерийлери түзүлдү.Видеопрезентация балдарга материалды кайталоого жардам берди. Студенттердин сөзү негизинен сабаттуу болгон. Топтук ишти уюштуруу критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө жардам берди. Проблеманын үстүндө биргелешип иштөө менен студенттер ар кандай идеялардын арасынан тандоо жасашты, өз сунуштарын аргументтешти жана башкалардын ой-пикирлерин угушту, жооптуу чечимдерди кабыл алышты, объективдүү баа беришти  . Топтун мүчөлөрү бирдиктүү жамаатты түзүүгө жетишти, анда бардык катышуучулар бири-биринин пикирин угуп, салмактуу, жамааттык чечимдерди кабыл алышты. Баалоо этабында өзүн-өзү баалоо жана өз ара баалоо колдонулган. Өткөрүлгөн сабак өз максатына жетти .