1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жалпы билим берүү ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

64

ЭЮКта ата-энелер жыйыны

2024-25-окуу жылынын 4-мартында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин СРк-2-24 тайпасында ата-энелер жыйыны болуп өттү.

            Жыйынга ЭЮКтун директору э.и.д, проф. А.Б.Карбекова, директордун орун басары А.А.Ташматова, ЖББ ПЦКнын окутуучулары, тайпанын ата-энелери жана  куратору Осмонова Н.К.. катышышты.

Куратор Н.К.Осмонова алгач күн тартибиндеги каралуучу маселелер менен тааныштырды. А.Б.Карбекова окуу жайдагы тартип, жетишкендиктер жана колледждеги окуу процесси туурасында айтып  өттү. Ошондой эле жаштарга жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, билим алуунун башкача баскычтарын өздөштүрө алышканын баса белгиледи. Директордун орун басары А.А.Ташматова окуу процессиндеги AVN системасы, электрондук журнал,модуль, экзамен боюнча ата-энелерге кенири маалымат берди. Тайпанын предметтик окутуучулары студенттердин жетишүүсү боюнча маалымат беришти. Тайпанын куратору Н.К.Осмонова  ата-энелерге окуу төлөмдөрү боюнча, АVN порталы боюнча студенттер аны менен иштей билүүсү тууралуу маалыматтар берилди.

Чогулуштун аягында ата-энелер окутуучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.