Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика-юридикалык колледжинде 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк Эне тил майрамына арналган " Эне тилим, эне сүтүм" аталышындагы иш чара болуп өттү. Иш чарада студенттер Эне тилдин ыйыктыгын жана аны сактоо ар бир адамдын парзы экенин кенири түшүндүрүштү. Жыйынтыгында атайы жасалган дубал газеталар жана жасап келишкен улуттук тамактарды презентациялоо менен аяктап кызыктыруучу белектерге ээ болушту. Уюштуруучу кыргыз тили жана адабияты окутуучусу Садырова Наргиза.