Илим айына карата ЭЮКтагы лекция
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун э.и.к. доцент м.ат. Ж.А. Маматовна Илим айына (11-ноябрдан 11-декабрга чейин ) карата экономика-юридикалык колледжинде ЭЮКтун окутуучуларына жана студенттерине “ Кыргызстан – жашыл экономика өлкөсү” деген темада лекция окуду.
Кыргызстан дүйнөгө кооз жаратылышы жана бай экологиялык ресурстары менен белгилүү экендигин белгилеп, экологиялык туруктуулукту камсыздоону, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдаланууну жана айлана-чөйрөгө тийгизилген терс таасирлери жөнүндө айтты.
Жыйынтыгында колледждин окутуучулары жана студенттери арасында жашыл экономика боюнча кызыктуу талкуу жүргүзүлүп, Айнура Маматовнага ыраазычылык билдиришти.