" Өсөр эл өткөнүн унутпайт"

Экономика-юридикалык колледжи Кара-кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдык мааракесинин урматына карата " Өсөр эл өткөнүн унутпайт" аттуу адабий-музыкалык кечесин өткөрүлдү.
Бул кечеде ата-бабалардын арбактарын эскерүү, алардын эрдигине, баатырдыгына таазим этилди. Кыргыз эли үчүн зор эмгек кылган К. Тыныстанов, И. Арабаевдердин бейнесин чагылдырган "Алиппе" көрүнүшү көрсөтүлдү. "Кайран эл" көрүнүшүндө Улуу Үркүн күндөрү сахналаштырылды.
Ошондой эле элибиздин байлыгы болгон "Манас", " Курманбек" эпосторунан үзүндүлөр жаңырды. Кече кыргыз улуттук аспаптардын, улуттук кийим жана буюмдардын коштоосунда өткөрүлдү.
Кечени ЖББ ПЦКсынын окутуучулары Г.С Мамырасулова тарабынан о.э. Н.К.Осмонованын жардамы менен уюшулду.